Бирдик айылынын «Жапаркулов Суйналы кочосунун жолун ондоп тузоо максатында шагыл тогулду

Бул тууралы айыл башчы Мырзабеков Сагынбек билдирди. Иш чараны аталган инсандын уул кыздары откорду. Ондоп тузоо 22-ноябрдан 23-ноябрга чейин уланды. Эке салсак кочого бул ысым 2007-жылы ыйгарылган. Бул убакытка чейин «Ынтымак» кочосу аталган. Акыркы сегиз жылдан бери «Жпаркулов Суйналы» наамында.

Кок-Ирим айыл окмотунун Бирдик айылынын «Жапаркулов Суйналы» кочосунун жолун ондоп тузоо максатында шагыл тогулду

Бул тууралу Бирдик айыл башчысы Мырзабеков Сагынбек билдирди. Иш чараны наам ээлери, тактап айтканда аталган инсандын уул кыздары откорду. Эске салсак кочого бул ысым 2007-жылы ыйгарылган, бул убакытка чейин «Ынтымак» кочосу аталган. Акыркы сегиз жылдан бери «Жапаркулов Суйналы» наамында.

Кок-Ирим айыл аймагынын Бирдик орто мектебинде ишенбилик откорулду

Бул тууралуу Бирдик орто мектебинин тарбия заучу Мусалиева Наргиза билдирди. Айта кетсек бул ишенбилик аталган орто мектеп туптолгондон бери, жаз жана куз айларында откорулот. Быйылкы жылы мектептин мектептин айланасын тазалоо иштери 28-ноябрдан 29-ноябрга чейин уланды.
Таза мектеп, татыктуу билим!

2015-жылдын 29-апрелинде Тогуз-Торо районунун Казарман айылында мектептер аралык «жаш орт очуруучу»аттуу таймаш болуп отту.

Тогуз-Торо районунун Казарман айылында 2015-жылдын 29-апрелинде «жаш орт очуруучу»аттуу таймаш болуп отту.Бул таймашка торт мектептен,окуучулардан тузулгон торт команда катышты.
Алар Касымалиев,Абдыжапаров,Урстомбеков жана Бирдик орто мектептери.Таймаш 29-апрелде саат 10.00до башталып 12.00до аяктады.Бул иш чарадан 1-орунду Касымалиев,2-орунду Урстомбеков,3-орунду Абдыжапаров,4-орунду Бирдик орто мектептери ээлешти.
Биздин окуучулар «жаш орт очуруучу»аттуу таймашка катышып,бир аз болсо да,орт коопсуздугун алдын алганды уйронуп келишти жана бул иш чарага активдуу катышып 2-орунду ээлеп келгендиги учун окуучуларымды куттуктайм деп билдирди Бейше Урстомбеков атындагы орто мектептин директору Суйоркул Абдылдаевич.
Жаштардын орт коопсуздугун алдын алууга  такшалткан бул иш чара жыл сайын откорулуп турары шексиз

Даярдаган:Нурайым Жусупканова.

Тогуз-Торо районунун Көк-Ирим айыл аймагында жамааттык мультимедия борбору ачылды

Бул тууралу Көк-Ирим айыл аймагынын башчысы Сыргак Борончиев билдирди. Учурда мультимедиалык борбордун ыктыярчылары жана кызматкерлери үчүн окуулар өткөрүлүүдө. Жамааттык мультимедияга иштөө үчүн, Арал жана Бирдик айылынан 3 окуучу тандалып алынды. Андан сырткары борбордун координатору Чолпон Матиева жана техникалык ыктыяарчы Нуржигит Кубанычбек уулу иштеп баштады.

Окуучуларга жана жалпы иштей турган жамаатка окутууларды медиа тренер Сабыр Абдумомунов жүргүздү. Мындан ары Көк-Ирим айыл аймагынын Арал, Бирдик айылдарыныны жашоочулары жергиликтүү жана өлкөдөгү маанилүү кабарлар менен камсыз болуп турат.

Көк-Ирим айыл өкмөтүндо жалпы 3000ден ашык эл жашайт.

Дарийка Болот кызы.

IMG_6866

Тогуз-Тородогу Көк-Ирим айыл аймагынын миллиондук долбоору жаштарга жол ачат

Эми Көк-Ирим айыл аймагындагы жаштар үчүн шахмат, шашки, теннис, вокал, бий жана тогуз коргоол ийримдерине катышуу мүмкүнчүлүгү пайда болот. Бул тууралуу долбоордун жетекчиси, Арал маданият үйүнүн башчысы Залкар Исаков билдирди. Анын айтымында бир миллион сомдук гранттык долбоору “Өнүктүүрүү саясат институту” тарабынан колдоого алынып, учурда Арал маданият үйүнүн имаратынан орун берилип, ийримдер уюштурулуучу бөлмөлөрдө оңдоп түзөө иштери жүрүп жатат.
“Ийримдер ачылып ишке берилсе Арал, Бирдик айылдарынын жаштары, өспүрүмдөрү үчүн ар кандай иш-чараларды өткөрүүгө, бош убактыларында өзүнө кошумча көндүм алуу мүмкүнчүлүгү пайда болот. Буга чейин жаштар үчүн мындай шарт таптакыр болгон эмес” дейт долбоордун жетекчиси Залкар Исаков.
Каржылоо жана техникалык жардам Швейцария Өкмөтү жана Улуу Британиянын Эл аралык өнүктүрүү министрлиги тарабынан көрсөтүлдү.
Көк-Ирим айыл аймагында буга чейин атайын ийримдер жана кошумча сабактар болгон эмес.
Айыл аймакта 2 орто мектеп, бир бала бакча орун алган.
Чолпон Матиева.