Тогуз-Торо районунун Көк-Ирим айыл аймагында жамааттык мультимедия борбору ачылды

Бул тууралу Көк-Ирим айыл аймагынын башчысы Сыргак Борончиев билдирди. Учурда мультимедиалык борбордун ыктыярчылары жана кызматкерлери үчүн окуулар өткөрүлүүдө. Жамааттык мультимедияга иштөө үчүн, Арал жана Бирдик айылынан 3 окуучу тандалып алынды. Андан сырткары борбордун координатору Чолпон Матиева жана техникалык ыктыяарчы Нуржигит Кубанычбек уулу иштеп баштады.

Окуучуларга жана жалпы иштей турган жамаатка окутууларды медиа тренер Сабыр Абдумомунов жүргүздү. Мындан ары Көк-Ирим айыл аймагынын Арал, Бирдик айылдарыныны жашоочулары жергиликтүү жана өлкөдөгү маанилүү кабарлар менен камсыз болуп турат.

Көк-Ирим айыл өкмөтүндо жалпы 3000ден ашык эл жашайт.

Дарийка Болот кызы.

IMG_6866

Тогуз-Торо районунун Көк-Ирим айыл аймагында жамааттык мультимедия борбору ачылды: 1 комментарий

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *