Тогуз-Торо районунун Көк-Ирим айыл аймагында жамааттык мультимедия борбору ачылды

Бул тууралу Көк-Ирим айыл аймагынын башчысы Сыргак Борончиев билдирди. Учурда мультимедиалык борбордун ыктыярчылары жана кызматкерлери үчүн окуулар өткөрүлүүдө. Жамааттык мультимедияга иштөө үчүн, Арал жана Бирдик айылынан 3 окуучу тандалып алынды. Андан сырткары борбордун координатору Чолпон Матиева жана техникалык ыктыяарчы Нуржигит Кубанычбек уулу иштеп баштады.

Окуучуларга жана жалпы иштей турган жамаатка окутууларды медиа тренер Сабыр Абдумомунов жүргүздү. Мындан ары Көк-Ирим айыл аймагынын Арал, Бирдик айылдарыныны жашоочулары жергиликтүү жана өлкөдөгү маанилүү кабарлар менен камсыз болуп турат.

Көк-Ирим айыл өкмөтүндо жалпы 3000ден ашык эл жашайт.

Дарийка Болот кызы.

IMG_6866

Тогуз-Тородогу Көк-Ирим айыл аймагынын миллиондук долбоору жаштарга жол ачат

Эми Көк-Ирим айыл аймагындагы жаштар үчүн шахмат, шашки, теннис, вокал, бий жана тогуз коргоол ийримдерине катышуу мүмкүнчүлүгү пайда болот. Бул тууралуу долбоордун жетекчиси, Арал маданият үйүнүн башчысы Залкар Исаков билдирди. Анын айтымында бир миллион сомдук гранттык долбоору “Өнүктүүрүү саясат институту” тарабынан колдоого алынып, учурда Арал маданият үйүнүн имаратынан орун берилип, ийримдер уюштурулуучу бөлмөлөрдө оңдоп түзөө иштери жүрүп жатат.
“Ийримдер ачылып ишке берилсе Арал, Бирдик айылдарынын жаштары, өспүрүмдөрү үчүн ар кандай иш-чараларды өткөрүүгө, бош убактыларында өзүнө кошумча көндүм алуу мүмкүнчүлүгү пайда болот. Буга чейин жаштар үчүн мындай шарт таптакыр болгон эмес” дейт долбоордун жетекчиси Залкар Исаков.
Каржылоо жана техникалык жардам Швейцария Өкмөтү жана Улуу Британиянын Эл аралык өнүктүрүү министрлиги тарабынан көрсөтүлдү.
Көк-Ирим айыл аймагында буга чейин атайын ийримдер жана кошумча сабактар болгон эмес.
Айыл аймакта 2 орто мектеп, бир бала бакча орун алган.
Чолпон Матиева.